Жөнөкөй электрондук кол тамга – электрондук кол тамга, электрондук кол тамганын өзүнө дал келген кол тамга ачкычы (One Time Password – OTP, паролдор жана башка дентификаторлор). Электрондук кол тамга маалыматтык билдирүү түрүндө берилген бардык...
«Дос-Кредобанк» ААК Башкармасынын
2024-ж. «__» ___________№ ___ протоколу менен
БЕКИТИЛГЕН
«Дос-Кредобанк» ААКда накталай эмес берилүүчү кредиттик линияны алуу жөнүндө айкын оферта
Төмөндө берилген маалымат «Дос-Кредобанк» ААКдан (мындан ары – Банк) Оферта болуп эсептелет жана жеке жак (мындан ары – Карыз алуучу) менен Банктын бөлүмүнө баруусуз арызды тариздөө аркылуу жөнөкөй электрондук кол тамганы пайдалануу менен накталай эмес формада кредит алуу жөнүндө макулдагуу түзүүнүн расмий айкын сунушу болуп саналат.
Ушул Офертада колдонулган терминдер жана аныктамалар.
Жөнөкөй электрондук кол тамга – электрондук кол тамга, электрондук кол тамганын өзүнө дал келген кол тамга ачкычы (One Time Password – OTP, паролдор жана башка дентификаторлор). Электрондук кол тамга маалыматтык билдирүү түрүндө берилген бардык документке же маалыматтык алмашуу тараптарынын ортосундагы макулдашууга ылайык жөнөтүлгөн документке колдонулат.
Жеке маалыматтар - түздөн-түз аныкталган же аныкталуучу жеке жакка (жеке маалыматтар субъектине)тиешелүү болгон ар кандай маалымат.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу – жеке маалыматтар менен автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды пайдалануусуз аткарылуучу ар кандай аракеттер (операциялар) же аракеттердин (операциялардын) жыйындысы, анын ичинде жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), алуу, пайдалануу, берүү (жайылтуу, берүү), ээсиздендирүү, блокко салуу.
Жеке маалыматтардын купуялуулугу – Банк жана карыз алуучу тарабынан сактоого милдеттүү болгон, аларды жайылтууга жана/же ачыкка чыгарууга жол бербөө талабы. Мында жеке маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана ачыкка чыгарууга жол берилет.
Кредиттик линия – кредиттөө ыкмасы. Карыз алуучу белгиленген мөөнөттө акча каражаттарын алуу жана пайдалануу укугуна ээ болот, мында берүү лимити жана карыздын лимити белгиленет. Кредиттик линиянын алкагында акча каражаттары транш менен берилет.
Транш – өлчөмү келишимде аныкталган кредиттин же зайымдын бөлүгү. Кредиттик линиянын алкагында Карыз алуучу чексиз сандагы транштарды ала алат, алар боюнча жалпы калдык кредиттик линиянын суммасынан ашпоого тийиш.
Кардар/Карыз алуучу - «Дос-Кредобанк» ААКда карта ээси болуп саналган, ушул айкын офертага кошулуу аркылуу Банк менен Келишим түзгөн укукка жөндөмдүү жана аракетке жөндөмдүү жеке жак (резидент).
Верификациялоо - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтардын текшерүү жол-жобосу.
Сайт – «Дос-Кредобанка» ААКнын расмий сайты (шилтеме боюнча xxxxx://xxx.xxx.xx//)
Жалпы жоболор
Ушул Оферта кредитти тариздөө тартибин аныктайт, ошондой эле кредиттер боюнча милдеттенмелерди аткарууда келип чыккан Банк менен Карыз алуучунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
Жөнөкөй электрондук кол тамганы колдонуу Банктын карыз алуучусунун өз кол тамгасынын эквиваленти, кардарды идентификациялоо жана электрондук документтин бүтүндүгүн текшерүү инструменти болуп саналат.
Ушул Офертага жөнөкөй электрондук кол тамга менен кол коюу Банктын карыз каражаттарды берүүгө оң чечим кабыл алуусунун кепилдиги болуп саналбайт.
Карыз алуучунун «Дос-Кредобанк» ААКда кредитти тариздөөсү ушул офертага жана карыз алуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттарына макулдугун билдирет.
Карыз алуучу Банк жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга (жактардан) берүүгө жана алууга укуктуу экендигине макул болот, атап айтканда: кредиттик тарыхтын маалыматтарын "Ишеним" Кредиттик бюросу ЖАКда же башка кредиттик бюродо текшерүүгө, жеке маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгууга, анын ичинде КР Мамлекеттик каттоо кызматынан, "Түндүк" ЭКМПдан жана башка мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан алууга.
Карыз алуучу электрондук кол тамга менен кол коюлган ушул документ (документтер пакети) кайтарылгыс болуп саналарын жана кагаздагы документке (документтер пакетине) барабар деп тааныла турганын түшүнөт.
Карыз алуучу ушул офертанын шарттарына макул болбогон учурда, Банк кредитти андан ары тариздөөнү токтотот.
Карыз алуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу мөөнөттү чектебестен, каалаган мыйзамдуу ыкма менен, анын ичинде жеке маалыматтардын маалыматтык системаларында автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды колдонбостон жүргүзүлөт.
Карыз алуучу жөнөкөй электрондук кол тамганы колдонуу менен жүргүзүлүүчү операциялардын жана бүтүмдөрдүн юридикалык маанисинен кабардар жана түшүнөт.
Офертанын предмети
Кредитор Карыз алуучуга жылдык [Кредит.Чен] ([Кредит.Чен.ЖазууЖүзүндө]) пайыз менен, ушул Келишимге кол койгон учурдан тартып [Кредит.АяктооДатасы] кошо алганга чейин колдонулган [Кредит.Мөөнөт] ай мөөнөткө [Кредит.ЖалпыСумма.ЖазууЖүзүндө] ([Кредит.ОбщаяСумма.ЖазууЖүзүндө]) [Кредит.Валюта] суммасында карыздын негизги суммасы боюнча бир жолку карыздын максималдуу лимити менен жаңыртылган кредиттик линияны (мындан ары – «кредит» же «кредиттик линия») берет. Кредиттик линия ишкердик максаттар үчүн берилет.
Ушул Келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредит боюнча ар бир транш Карыз алуучуга транш берилген күндөн тартып 7 (жети) же 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде төлөө үчүн жеңилдетилген пайызсыз мезгил менен берилет. Кредиттик линия ачылган мөөнөттүн акыркы айында Карыз алуучу тарабынан тандалган транш артыкчылыкты түзөт - бул учурда траншты төлөө мөөнөтү ушул Келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик линиянын аяктоо мөөнөтүнө дал келет.
Ушул Келишимдин 2.2-пунктунда көрсөтүлгөн траншты төлөө үчүн жеңилдетилген пайызсыз мезгилдин мөөнөтү ашып кеткен учурда, жеңилдетилген пайызсыз мезгилдин мөөнөтүнөн кийинки күндөн тартып Карыз алуучу транштын суммасын кечиктирилген ар бир күн үчүн мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасынан 0,5% өлчөмүндө туум түрүндө үстөк төлөмдү эске алуу менен төлөөгө милдеттүү.
Туум түрүндөгү үстөк айыпты эсептөө милдеттенме аткарылбаган күндөн тартып иш жүзүндөгү күндөрдүн саны боюнча жүргүзүлөт. Бардык төлөмдөр 360 күнгө барабар календардык жылдын жана 30 күнгө барабар айдын негизинде эсептелет.
Транш (транштар) боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздар болгон учурда, лимиттин пайдаланылбаган калдыгы болсо дагы, кийинки траншты алуу мүмкүн эмес.
Кредит алууда Карыз алуучу Кредиторго Банк кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмесинде көрсөтүлгөн уюштуруу төгүмдөрүн төлөйт (№ 1 тиркеме).
Келишимдин колдонуу мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып Карыз алуучу ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин белгиленет.
Траншты төлөө Карыз алуучу траншты алган учурдан тартып 14 (он төртүнчү) календардык күнү саат 16:00дөн кеч эмес жүргүзүлөт, эгерде транш 14 (он төрт) календардык күнгө берилсе, же транш 30 (отуз) календардык күнгө берилсе, 30 (отуз) календардык күндөн кеч эмес жүргүзүлөт. Болбосо траншты төлөө үчүн жеңилдетилген пайызсыз мезгилдин мөөнөтү ашып кетти деп эсептелет. Терминалдар/электрондук капчыктар аркылуу төлөө үчүн кредиттин номери - [Арыз.Номер].
Ушул Келишимге кол коюу менен Тараптар макулдашты:
ушул Келишимге ылайык кредиттик линиянын алкагында ар бир траншты тариздөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишимге кошумча макулдашуу катары жөнөкөй электрондук кол тамганы колдонууга. Жөнөкөй электрондук кол тамга Карыз алуучунун телефонундагы санарип пин-код болуп саналат.
жөнөкөй электрондук кол тамга деп эсептелген түзүлгөн пин-код Тараптар өз колу менен кол койгон кагаздагыга бирдей мааниге жана баалуулукка ээ электрондук документ катары таанылат;
пин-кодду пайдалануу аркылуу Кредитор тарабынан жөнөтүлгөн жана Карыз алуучу тарабынан алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо;
Кредитти берүү жана эсептешүүлөр тартиби
Кредиттик линиянын алкагындагы транш Өнөктөштүн пайдасына кызматташуу жөнүндө келишимге ылайык Банк тарабынан ачылган эсепке андан ары чегерүү үчүн Кредитор тарабынан транштын суммасын Карыз алуучунун кредиттери үчүн транзиттик эсепке чегерүү жолу менен берилет. Мында Кредитордун кредит берүү боюнча милдеттенмелери Карыз алуучунун кредиттери үчүн транзиттик эсепке акча каражаттары чегерилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.
Бардык төлөмдөр 360 (үч жүз алтымыш) күнгө барабар календардык жылдын жана 30 (отуз) күнгө барабар айдын базасында кредитти пайдалануунун биринчи күнүн кошо алганда жана төлөө күнүн эске албаганда, Кредитти пайдалануу күндөрүнүн иш жүзүндөгү санына жараша эсептелет.
Xxxx Xxxxxxxxxx 3.4-пп. көрсөтүлгөн туум түрүндө чегерилген үстөк айыптын максималдуу суммасы берилген кредиттин суммасынын 20%нан ашпоого тийиш.
Кредитти максатсыз пайдаланганы үчүн максаттуу арналышы боюнча эмес пайдаланылган суммадан 20% айып чегерилет.
Карыз алуучу шарттар менен таанышкандан жана Xxxx тарабынан көрсөтүлгөн башка аракеттерди тастыктоо же жүзөгө ашыруу аркылуу кабыл алынгандан кийин, бул Оферта Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык жөнөкөй электрондук кол тамганы пайдалануу менен түзүлдү деп эсептелет.
Тараптардын укуктары жана милдеттери
Кредитор каалаган убакта кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана Карыз алуучунун ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын текшерүүгө укуктуу.
Кредитор Карыз алуучуга транштарды берүүдөн баш тартууга жана/же берилген транштарды мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу, эгерде: (а) Карыз алуучу ушул Келишимдин шарттарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон ар кандай сумманы төлөй албай калса; (б) Карыз алуучу тарабынан ушул Келишимдин шарттарына ылайык Кредиторго берилген маалыматтар, маалымкаттар, документтер ж.б. анык эмес болуп чыкса; (в) Карыз алуучу төлөөгө жөндөмсүз деп таанылып, мүлкүн (кирешелерин) конфискациялоо менен мыйзам бузгандыгы үчүн кылмыш же администрациялык жоопкерчиликке тартылса, анын өлчөмү Xxxxxxxx тарабынан олуттуу деп таанылса; (г) Карыз алуучуга карата акчалай сумманы төлөө же анын өлчөмүн Кредитор олуттуу деп тааныган мүлктү талап кылуу жөнүндө доо коюлса; (д) бош каражаттардын жоктугу (кредиттин валютасында кредитти (траншты) берүү үчүн ресурстар); (е) Улуттук банк же башка бийлик органдары тарабынан Кредитордун активдүү операциялары боюнча кандайдыр бир чектөөлөр белгиленсе; (ж) Карыз алуучу ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин ар кандай бузууга жол берсе.
Траншты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн негизги карыздын суммасын жана туумдун суммасын төлөө үчүн Кредитордун эсебине Карыз алуучудан шартталган мөөнөттө акча түшпөгөн учурда, ошондой эле ушул Келишимдин шарттарын жана/же ушул Келишимден жана/же Күрөө жөнүндө келишимдерден келип чыккан башка милдеттенмелерди бузган учурда Кредитор өндүрүп алууга же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык башка чараларды көрүүгө укуктуу.
Кредитор төлөм мөөнөтү келген учурда Карыз алуучунун банктык эсебинен (эсептеринен) сом жана чет өлкө валютасында акцептсиз тартипте ушул Келишимге байланыштуу негизги карыздын жана башка төлөмдөрдүн суммасын эсептен алып салууга укуктуу.
Акча каражаттарын акцептсиз башка валютада (кредиттик линиянын валютасынан башка) эсептен алып салуу учурунда, алынган акчаны кредиттик линиянын валютасына конвертациялоо Кредитор белгилеген алынган валютаны сатуунун же сатып алуунун накталай эмес курсу боюнча жүргүзүлөт.
Кредитор ушул Келишим боюнча, ошондой эле Карыз алуучунун кредитти кайтаруусун камсыз кылууга байланыштуу бүтүмдөр боюнча өз укуктарын жана милдеттенмелерин Карыз алуучунун макулдугун алуу менен толук же жарым-жартылай башка жакка өткөрүп берүүгө укуктуу. Карыз алуучу ушул Келишим боюнча, ошондой эле Карыз алуучунун кредиттин кайтарылышын камсыз кылууга байланыштуу бүтүмдөр боюнча өз укуктарын жана милдеттенмелерин Банктын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз башка жакка толук же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө укугу жок.
Кредиттик бюронун (Бюро) катышуучуларынын финансы-кредиттик мекемелеринин жалпы кызыкчылыктарын коргоо максатында алар белгиленген тартипте Бюрого тиешелүү маалыматтарды берүү аркылуу кредиттер (банктар жана банк ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы бар башка финансы-кредиттик мекемелер үчүн) же зайымдар (лицензиясы жок финансы-кредиттик мекемелер үчүн) жөнүндө маалыматтарды башка финансы институттары менен алмашуу укугун сактап калышат.
Кредитор Карыз алуучунун суроо-талабы боюнча 3 жумуш күнү ичинде Карыз алуучунун кредит алгандыгы жана ошол кредит боюнча кредиттик тартипти сактагандыгы жөнүндө маалыматты башка финансы-кредит мекемесине берүү үчүн берүүгө милдеттенет.
Кредитор «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамда каралган тартипте жана негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Карыз алуучу жөнүндө маалыматтарды укук ченемдүү берүүнүн натыйжасында Карыз алуучуга келтирилген зыян, алынбаган пайда же моралдык зыян үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Кредитордун кредитти жана/же ал боюнча пайыздарды кайтарып берүү менен байланыштуу почта, телефон, телеграф, транспорттук чыгымдары жана башка чыгымдары Кредиторго эсеп берилген учурда Карыз алуучу тарабынан орду толтурулат.
Кредитор график боюнча ашыкча төлөнгөн төгүмдүн суммасын кийинки төлөмдүн мөөнөтү келгенге чейин кардардын Кредитордогу транзиттик эсебине жөнөтүүгө укуктуу.
Кредитор жаңылыш чегерилген акча каражаттарын Карыз алуучунун эсебинен акцептсиз тартипте алууга жана чегерүү жана/же алуу боюнча корректировкалоо иштерин жүргүзүүгө укуктуу.
Кредитти толук төлөгөндөн кийин Карыз алуучунун транзиттик (күндөлүк) эсебинде акча каражаттарынын калдыгы болсо, Кредитор калдыкты параллелдүү учурдагы кредиттин жана/же Карыз алуучу жаңы алган кредиттин транзиттик эсебине, Карыз алуучунун Банктагы башка эсебине же №: [Кардар. Телефон1] мобилдик телефондун балансына чегерүүгө укуктуу.
Карыз алуучу каалаган убакта айып санкцияларын алуусуз кредитти толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө жана кредитти жана пайыздарды төлөө графигин кайра эсептөөнү жүргүзүүгө укуктуу.
Карыз алуучу жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттерин кошо алганда, башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттердин бар экендиги жөнүндө, ошондой эле бул кредиттер боюнча кредиттик тартипти сактоо жөнүндө маалыматты жарым жылда бир жолудан кем эмес берүүгө милдеттенет.
Карыз алуучу ушул Келишимдин 2.1 жана 2.2-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө ага берилген кредитти Карыз алуучунун банктык эсебине тиешелүү сумманы төгүү жолу менен төлөп берүүгө милдеттенет.
Карыз алуучу кредиттөө принциптерин сактоого милдеттенет: мөөнөтүүлүк, кайтарымдуулук, акы төлөнүүчүлүк, максаттуу мүнөз.
Кредиттик линияны кайтаруу Карыз алуучу тарабынан берилген кредиттин валютасында жүргүзүлөт.
Карыз алуучу Кредиторго даректин, реквизиттердин өзгөргөндүгү жөнүндө жана анын милдеттенмелеринин аткарылбай калышына себеп болушу мүмкүн болгон, ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарууга байланыштуу бардык башка жагдайлар жөнүндө токтоосуз билдирет, ошондой эле аларды четтетүү боюнча бардык чараларды көрөт. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн дарек Карыз алуучунун почталык (юридикалык) дареги болуп саналат. Карыз алуучунун ошол дарегине Xxxxxxxx тарабынан жөнөтүлгөн бардык билдирүүлөр, эгерде Карыз алуучунун туруктуу дарегинин өзгөргөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндө Кредиторго билдирилбесе, Карыз алуучуга жеткирилди деп эсептелет.
Карыз алуучу ушул Келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алууга чейин кредитти алуудан баш тартууга укуктуу.
Карыз алуучу кредит жана туум боюнча эсептешүүлөрдүн тартиби боюнча түшүндүрмө алууга укуктуу. Ар бир транш ушул Келишимдин 2.1-п., 2.2-п. жана 2.3-п. шарттарын сактоо менен, төлөө графигине кол койбостон, тиркемеден Карыз алуучунун суроо-талабы боюнча берилет.
Карыз алуучу биринчи талап боюнча Кредиторго зарыл документтерди, ошондой эле Карыз алуучунун финансылык абалына тиешелүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Карыз алуучу өзүнүн финансылык абалы, ишкердик иши жана/же мүлктүк абалы жөнүндө берилген маалыматтардын анык экендигине кепилдик берет жана алдоо же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгенин тастыктайт.
Кредит продуктуна ылайык Карыз алуучунун кыймылсыз жана/же кыймылдуу мүлкүн камсыздандыруу зарыл болгон учурда, Карыз алуучу кредиттин аяктоо мөөнөтүнүн аягына чейин камсыздандыруу келишимин жыл сайын узартууга милдеттүү.
Карыз алуучу кредитти төлөө күнү жөнүндө, кредит боюнча учурдагы/пландуу төлөм жөнүндө, кредиттик карыздын калдыгы, кредитти толук төлөө үчүн сумма, ошондой эле Банктын бекитилген жол-жобосуна ылайык, Кредитордун колл-борборуна кайрылуу жана ички идентификациялык суроолорго жооп берүү аркылуу аралык сервистер аркылуу төлөө үчүн кредиттин номерин алууга укуктуу.
5. Жеңилгис күч жагдайлары (форс-мажор)
5.1 Тараптар эгерде бул жеңилгис күч (форс-мажор) жагдайларынын кесепети болуп саналса, келишим боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Жеңилгис күч жагдайларынын пайда болушу жана токтошу жөнүндө Xxxxxxxx өз милдеттенмелерин өзгөртүүнүн альтернативдүү ыкмаларын биргелешип чечүү максатында көрсөтүлгөн жагдайлар башталган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө бири-бирине маалымдашат. Кабарлоо жөнүндө шарттар сакталбаган учурда, бул Тарап кийин мындай жагдайларга шилтеме кыла албайт.
5.2 Карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү жеңилгис күч жагдайлары пайда болгон учурда Карыз алуучу Карыз алуучунун финансылык абалынын начарлагын тастыктаган документтерди (сот акты, ички иштер органдарынын акты ж.б.) берүүгө милдеттүү. Тастыктоочу документтер берилбеген учурда Карыз алуучунун кийин бул жагдайларга шилтеме кылууга укугу жок.
Башка жоболор
Кредиттик линиянын суммасы тараптардын өз ара макулдугу боюнча, ушул Офертага карата кошумча макулдашуу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
Ушул Оферта боюнча Тараптардын ортосунда пайда болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет, ал эми макулдашууга жетишпеген учурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кредитордун жайгашкан жери боюнча сот тартибинде каралат.
Ушул оферта таанышкан учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар ушул Офертада каралган милдеттенмелерди толук аткарганга чейин колдонулат. Эгерде Офертанын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 30 (отуз) күн мурда Тараптардын бири дагы башка Тарапка Офертаны колдонууну токтотуу ниетин билдирбесе, Оферта ар бир кийинки жылга узартылды («автоматтык түрдө узартуу») деп эсептелет. Автоматтык түрдө узартуу ушул Офертада каралган шарттарда ар бир узартуу 12 ай мөөнөт менен 3 жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
Ушул Офертанын тараптары иштиктүү кат алышуулар жана дооматтык иш үчүн электрондук же башка байланышты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдонууну макулдашды. Кредитордун электрондук почтасы xxxx@xxxxxxxxxxxx.xx, Карыз алуучунун электрондук почтасы _______________________. Көрсөтүлгөн электрондук даректер боюнча башка Тараптан дооматты же башка кабарлоону алган Тарап тиешелүү түрдө кабарланды деп эсептелет.
Иштеп чыкты:
УРК КД начальниги ______________________Смагулова X.И.
Макулдашылды:
КД директору _______________________Жумаева X.В.
«Дос-Кредобанк» ААКда берилүүчү «Жүгүртүүгө акча» продукту боюнча кредиттик линияны алуу жөнүндө айкын офертага карата
МАКУЛДАШУУ БАРАГЫ
Кызматы |
Колу |
ФАА |
Дата |
Башкарма мүчөсү |
|
Xxxxxxxxx X.М. |
|
ЮД директору |
|
Xxxxxxx X.Т. |
|
XXX начальниги |
|
Xxxxxx X.А. |
|
ДАРК директору |
|
Xxxxxxxx xxxx X. |
|
«Дос-Кредобанк» ААКда накталай эмес жол менен берилүүчү кредиттерди алуу жөнүндө айкын оферта 7